Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Бүгүн Петровка окуясы боюнча сот уланат


Адвокаттардын билдирүүсүнө караганда, анда күбөлөр суралат. Бирок Азимбек Бекназаровдун маалымдоосуна караганда, шейшемби күнү болгон соттук жараянга айыптоочу тарап белгиленген күбөлөрдү алып келе алган жок. Күбөлөрдүн келбей жатышына байланыштуу сот алардын тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүн ачыктап, мына ошонун негизинде чечим кабыл алууга камданууда. Бирок коргоочу тарап ага кескин каршы чыгып, күбөлөрдүн сотко келишин камсыздоону талап кылууда. Анткени буга чейин суралган көпчүлүк күбөлөр тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, сотто айыпталуучулардын пайдасына көрсөтмө берүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG