Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Иранга киргизилген сунуш күчүндө кала берүүдө


Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик Ирандын уранын чет өлкөлөрдө байытуу сунушу күчүндө кала берүүдө деп билдирди. Анын алдында Тегеран БУУнун сүрөөнчүлүгү менен иштелип чыккан сунуштардын негизги бөлүгүн четке каккан. Дипломатиялык булактардын ырастоосунда, Ирандын жообу агенттиктин жаңы жетекчиси Юкия Аманого ай башында тапшырылган. Иран өкмөтүнө планды кабыл алуу үчүн өткөн 31-декабрга чейин убакыт берилген. Ал мөөнөт өтүп кеткенден кийин Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия кирген “алтылык” Тегеранга каршы санкцияларды күчөтүү маселесин караштыра баштады. Батыш Иран суюк отунду ядролук курал жасоо үчүн колдонуп жатат деп шектенүүдө. Тегеран андай ырастоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG