Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

АКШ ракеталары Польша-Россия чегарасына жакын жерге орнотулат


АКШнын Patriot ракеталары мурда болжолдонгондой Варшаванын жака белине эмес, Польшанын Балтика деңизиндеги жээгине жайгаштырылат. Бул тууралуу Польша коргоо министрлигинин басма сөз катчысы билдирди. Тактап айтканда, ракеталар Польша-Россия чегарасынан 100 километрдей алыстыкта орун алган Мораг шаарына орнотулмакчы. Министрликтин өкүлү белгилегендей, бул шаар "стратегиялык "жүйөдөн эмес, практикалык себептен улам тандалган. Москва АКШнын Польша жана Чехияга өз ракеталарын жайгаштыруу планын сындап келатат.

XS
SM
MD
LG