Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

М.Конгантиев: Маң заттары бизнеси менен күрөшүү канааттандырарлык эмес


Бул тууралуу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев министрликтин жылдык коллегиясында билдирди. Анын айтымында, баңги заттарын саткандар менен тыгыз байланыштагы милиция кызматкерлеринин аты-жөнү белгилүү, аларды катуу жазалоо керек. Ал ошондой эле министрликте кемчиликтерди жоюу багытында бир катар иштер аткарылып жатканына токтолду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиршти.
Ал эми Жогорку Кеңештин отурумунда СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева ИИМдин жылдык коллегиясына аталган министрлик эл өкүлдөрүн катышууга уруксат бербегенин айтып нааразы болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG