Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:42

АКШ Казакстанды үлгү көргөзүүгө чакырды


Кошмо Штаттар Казакстанды Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы быйылкы төрагалыгы учурунда үлгү көргөзүп, адам укуктары боюнча өзүндөгү абалды жакшыртууга чакырды. Казакстан ЕККУдагы төрагалыгын расмий түрдө 14- янарда баштады. Муну менен эски совет аймагынын өлкөсү аталган уюмда алгачкы ирээт төрагалык кылып олтурат. Адам укугун коргоочу уюмдар ротациялык негизде келүүчү төрагалыкты адам укуктары менен демократиянын абалы өзүндө ойдогудай эмес Казакстанга ыйгарганы үчүн Батыш өлкөлөрүн сынга алган эле. АКШнын Астанадагы элчиси Ричард Хогланд бүгүнкү билдирүүсүндө ЕККУдагы төрагалык Казакстанга өзүн сөз менен да, иш менен да көргөзүүсү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG