Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Абактан чыккан аялдар үчүн борбор ачылат


Эртең Аламүдүн районундагы Степное айылындагы №2 аялдар абагында эркиндикке чыккандарды кадимки жашоого адаптациялоо борбору ачылат. Борбор “Күлүкан” коомдук уюму тарабынан “Сорос-Кыргызстан” корунун укуктук программасынын колдоосунда ишке кирип жатат. Эми кылмыш жообуна тартылып жаза өтөө мөөнөтүн бүткөн айымдар эркиндикке чыккандан кийин борбор аркылуу социалдык колдоого ээ болуп турушат. Иш-чара “ Эркинен ажыратылган аялдарды сергек жашоого кайруу” долбоору алкагында ишке ашырылууда. Степное айылындагы №2 абагында 800гө чукул абакка кесилген аялдар жаза мөөнөтүн өтөшөт. (EK)

XS
SM
MD
LG