Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

АКШнын коргоо министри Пакистанга келди


Бул - Роберт Гейтстин аталган өлкөгө АКШ президентинин кызматына Барак Обама киришкен бир жылдан берки алгачкы сапары. Гейтстин айтымында, ал Исламабадда Пакистандын аскерий жана жарандык лидерлери менен өткөрүүчү сүйлөшүүлөрүндө АКШнын коңшу Ооганстандагы согуштук стратегиясын түшүндүрүүнү көздөөдө. Бул жердеги эки күндүк иш сапарын утурлай Пакистандын “Тhe News” гезитинде жарыяланган макаласында АКШ коргоо министри Талибандын пакистандык жана ооганстандык согушкерлерин айрымалоо пайдасыз экенин белгилеген. Ал ошондой эле Талибанды Пакистан менен Ооганстан чегиндеги башкалкалоочу жайлардан айрылтуу керектигин, болбосо мунун олуттуу кесепетин эки өлкө тең тартаарын эскертти,

Пакистан Талибандын өзүндөгү жана мамлекетке коркунуч туудурган күчтөрүнө каршы аскерий чабуу баштаган, бирок АКШнын ооган талибдеринин чек арадагы таяныч бекеттерине сокку уруу жөнүндөгү талабына көнбөй келүүдө.

Роберт Гейтс өз макаласында АКШ менен Пакистан алакасында соңку кездери чыңалуу болгондугун да моюнга алган. Бирок АКШнын Пакистан боюнча узак мөөнөттүү милдеттемеси бардыгын баса белгилеген.

АКШ коргоо министри Пакистанга анын эски атаандашы Индиядагы сапарынан соң келди.

XS
SM
MD
LG