Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Ө.Токтоназаровду милиция акциядан баш тартууга үндөп жатат


“Азаттык” үналгысынын угармандар кыймылынын башчысы Өндүрүш Токтоназаровдун маалымдашынча, ага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан, шаардык прокуратурадан адамдар чыгышып 28-январда Улуттук телерадио корпорациясынын алдына белгиленген акциясынан баш тартууга үндөп, түшүнүк кат жазууну талап кылып жатышат. Ө. Токтоназаров сөз эркиндиги үчүн багытталган акциясын өткөрүү үчүн Бишкек шаардык мэрияга кат жолдоп, уруксат алганын билдирет. Жарандык активист тартип коргоо органдарынын ага чалып тынчын алып жатканын куугунтук катары баалайт. Милиция кызматкерлери административдик тартипти бузду деген негиз менен акцияга чыккандары камакка алат деп кооптонгон Ө. Токтоназаров 28-январь күнү Улуттук теле-радио корпорация алдына жалгыз чыгып “Азаттыктын” берүүлөрүн обого чыгарууну бийликтен талап кылмакчы. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG