Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Эртен Кыргызстандагы санарип ТВ келечеги талкууланат


22-январда Бишкекте “Кыргызстандагы санарип ТВ – 2010-жылдагы этап” аттуу тегерек стол үстүндө талкуу өтөт. Радио жана ТВ ассоциациясы уюштуруп жаткан бул иш-чарага сыналгы жана санариптик технология жаатындагы адистер чакырылган. Тегерек столдо буга чейин аймактык телерадиокомпания жетекчилери тарабынан санариптик сыналгы берүүлөрүнө өтүү үчүн иштелип чыккан сунуштар сынга коюлат. Мындан тышкары анда 2009-жылдын декабрь айында өлкөдөгү ТВ каналдар арасындагы иликтөө жыйынтыгы жарыяланмакчы. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG