Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:31

Президент Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду


Жарлыкка ылайык Курултай өлкөдө улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында уюштурулат. 23- мартка белгиленген Курултайды уюштуруу комитетине Катчылыктан, өкмөттөн жана коомдук, ошондой эле маданий багытта иш алып барган 15 адам кирди. Жарлыкка ылайык Уюштуруу комитетине Курултайга катышуу үчүн администрациялык-аймактык бирдиктерден, эмгек мигранттарынан, конфессиялык жамааттардан өкүлдөрдү көрсөтүү милдети жүктөлдү. Ал эми өкмөткө Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык маселелерди чечүү тапшырылды. Бул тууралуу Президент Катчылыгынан маалымдашты. ( EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG