Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Дүйнөлүк экономика рецессиядан чыга баштады


Бул тууралуу Дүйнөлүк банк билдирди. Аталган эл аралык каржы уюмунун болжолуна караганда, быйыл өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өсүш 5,2%, ал эми жалпы дүйнө боюнча 2,2%дан бир аз ашары күтүлүүдө. Бирок Дүйнөлүк банктын докладында айтылгандай, 2011 жана андан кийинки жылдарга карата ишеним жок. Докладдын авторлорунун бири Эндрю Бернс жакынкы он жылда Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө кризис кайрадан тутануусу мүмкүн экендигин жокко чыгарбады:

-Аталган аймактарда экинчи кризис кайтарылбаган кредиттердин саны өскөндө жана компаниялар баланстык отчетун тартипке сала албаган учурда чыгуусу мүмкүн.

Бул аралыкта Кытай бүгүн өткөн жылдын жыйынтыгында экономикасы 8,7%га өскөнүн жарыялады. Былтыркы жана быйыл күтүлүп жаткан өсүш менен Кытай коңшу Жапонияны басып өтүп, дүйнөнүн АКШдан кийинки экинчи ири экономикасына айланууда. Өлкөнүн Статистика боюнча Улуттук бюросу бүгүн маалымдагандай, 2009 –жылдын соңку чейрегинде Улуттук дүң өндүрүштүн
10,7%га жогорулоосу Кытай экономикасы глобалдык кризистен соң оңолуу жолуна түшкөнүн көргөздү.

XS
SM
MD
LG