Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Ынтымак Курултайынын алгачкы жыйыны 23-мартта болот


Бул тууралуу 21-январда президент Курманбек Бакиев калкка кайрылуусунда жарыялады. Анын айтымында, Ынтымак Курултайы эки жылдык мөөнөткө шайланган 750 делегаттан турат. 441 айыл округдан бирден делегат, 23 шаардан үчтөн, Бишкек шаарынан он, Оштон жети делегат шайланат. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттары 35 делегат жолдой алышат. Президент квотасы менен 150 делегат дайындалат. Курултайда мамлекеттин бүтүндүүлүгү, маданий мурастарды сактоо, экология, саламаттык сактоо, мамлекеттик тилге кам көрүү өңдүү маселелер каралат. (AiT)

XS
SM
MD
LG