Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Орусия Грузия менен аба каттамдарын калыбына келтирүүнү караштырат


Грузин тарап тиешелүү өтүнүч менен кайрылса, Орусия Грузия менен авиакаттамдарды калыбына келтирүүнү караштырат. Орусиянын Транспорт министрлигинин маалымат катчысы Тимур Хикматовдун айтымында, Грузия эки өлкө ортосунда сүйлөшүү өткөрүү демилгесин көтөрүүгө тийиш. Грузин өкмөтүнүн өкүлү болсо биринчи кадам орус тараптан жасалууга тийиш деп билдирди. “Грузия Аба жолдору” компаниясынан маалымдашкандай, орус тарап январь айында чартердик 3 рейске уруксат бербей койду жана туруктуу каттам жөнүндө өтүнүчкө жооп берише элек. 8-10-январь аралыгында Грузиядан Орусияга бир нече чартердик самолет учкан. Эки өлкө ортосундагы авиабайланыш 2008-жылкы август согушунан кийин үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG