Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:22

Жогорку Кеңеште казактарга Ысык-Көлдөн жерди ижарага берүү каралууда


“Кыргыз өкмөтү менен казак өкмөтүнүн ортосундагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда. Анда Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов маалымат берип, жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү боюнча кыргыз-казак өкмөттөрүнүн долбоору кызыкдар бардык министрликтерде талкууланганын билдирди. Анын айтымында, убактылуу ижарага берилүүчү жердин баасы бир гектары жылына 24 миң сомду түзөт.

Анын маалыматы боюнча, 2008-жылы “Казакстан” санаторийи 1 миллион 556 миң сом, 2009-жылы 1 млн.42 миң сом салык төлөсө, анда иштеген 75 адамдын 74ү кыргызстандыктар, бирөө казак атуулу. “КазГУ” пансионаты 2008-жылы 2 млн., өткөн жылы 1 млн. 589 миң сом төлөгөн. Анда иштеген 60 адамдын 54ү кыргыз, 6 адам казак. “Саамал” эс алуу жайы 2008-жылы 1млн. 294 миң сом, өткөн жылы 665 миң сом. Андагы 53 адам кыргыздар, “Автомобилист” өткөн жылы 1млн. 696 миң сом салык төлөгөн.

“Ак жолчу” депутаттардын бир катары талкуулабай эле мыйзам долбоорун добушка коюп, кабыл алууну сунушташты. СДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болсо казактарга 49 жылга ижарага берилсе, ал аймактар тосулуп, жергиликтүү элди киргизбей коюшу мүмкүн, ошондуктан бул маселени тыкат талкуулоо керек деди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG