Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

СДП фракциясы казактарга ижарага жер берүүнү колдобойт


Бул тууралуу парламент отурумунда СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева билдирди. Анын айтымында, учурда улуттук кызыкчылыктар тебеленип, Кыргызстан “жыртык төшөктөй” болуп, кайсы өлкө келип, кандай иш жасайм десе өзү билет.

“Казакстандын президенти Н.Назарбаев орустун мурдагы президенти Б.Ельцин менен кармашып отуруп Байкоңурду бербей, ижарага көп акчаны өндүрүп алды. Казактын өкмөт башчысы К.Масимов болсо кечээ жакында “өлсөк да бир метр жерди Кытайга бербейбиз”,-деди. Ак үйдөгүлөр болсо эртерек берип кутулалык, инвестиция келет деп отурат. Өкмөт башчы Данияр Үсөнов болсо Өзбекстан менен төрт пансионаттын “оозун" ачып келди. Арсланбап, түштүктөгү жерлерде өзбектердин канча точкалары бар экенин кудай билет”,-деди Роза Отунбаева.

“Ак жол” фракциясынан депутат Максат Кунакунов болсо бул маселеден саясий упай топтоонун кажети жоктугун белгилеп, казактарга пансионаттар ижарага берилсе инвестиция келерин айтып, бул мыйзам долбоорун ратификациялоого бардыгын добуш берүүгө үндөдү. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG