Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Петровка боюнча айыпталып жаткан жубайлар ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу айыпталуучу Элвира Маматканова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жолдошу Куляшев Киняз экөө аларга коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин, сотко жолдогон убактылуу кармоочу жайдан бошотуу өтүнүчү аткарылмайынча, бүгүндөн баштап мөөнөтсүз ачкачылык акциясын башташты. Ал ошондой эле күбөлөр аларга каршы көрсөтмө беришпегенин, 26-апрелде Петровка айылындагы жаңжалда үйүндө болушканын, укук коргоо кызматтары экөөнө жалган айып тагып кылмыш ишин козгогондугун билдирди.
Өткөн жылы апрелдин соңунда укук коргоо органдары Петровка айылынын тургундары Элвира Маматкановага “массалык баш аламандыкты уюштурган, улуттар арасында каршылыкты курчуткан”,-деген айып тагып, анын жолдошу Киняз Куляшевго ок атуучу куралдан ок чыгарган деп кылмыш ишин козгогон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG