Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:28

СДП: Аткаруу бийлиги ЖК беделине шек келтирүүдө


Жогорку Кеңеште социал-демократтар фракциясы Ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынына социал-демократтардан депутат Галина Скрипкинанын катышпай калгандыгына байланыштуу нааразылык билдирүүдө. ЖКнын Коопсуздук, коргонуу, сот жана укуктук реформа боюнча комитетинин мүчөсү Галина Скрипкинага 20-январда болгон ИИМ жыйынына катышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Буга байланыштуу СДП фракциясы ЖК аппаратына парламентте депутаттын ыйгарым укуктары жана макамы кагаз жүзүндө гана болуп жаткандыгын эскертип, жыл ичинде өтчү ушул өңдүү жыйындарга депутаттардын катышуусу үчүн атайын жадыбал менен камсыздоо талабын койду. “ЖК депутатынын макамы” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” тууралуу мыйзамдарда депутаттардын өкмөт жыйындарына катышуу укугу каралганын белгилеген фракция аткаруу бийлигинин депуттарга мындай мамилеси мыйзам чыгаруу органы катары ЖК беделине шек келтирүүдө деп эсептейт. (EK)

XS
SM
MD
LG