Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

С.Аблесов: Ынтымак курултайы учурдун талабына ылайык түзүлөт


Бул тууралуу Коомдук палатанын төрагасы Садыкбек Аблесов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ президенттин жарлыгына ылайык түзүлүүчү Ынтымак курултайына эгерде ар бир айылдан кыргыз эли-жери үчүн чындап күйгөн азаматтардан мүчөлөрүккө шайлап жиберишсе жана башка улуттардын өкүлдөрүнөн шайланса курултай келечегинде өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошот. Ал ошондой эле Коомдук палата бир катар ийгиликтүү иштерди жүргүзүп жатканын, Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышып, атуулдардын эки жүздөн ашуун кайрылуусу боюнча иштер аткарылып жатканын белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG