Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Гаити үй–жайсыз калган 400 миң адамды көчүрөт


Өткөн аптадагы зилзаладан катуу жапа чеккен бул өлкөнүн өкмөтүнүн бүгүнкү жарыясына караганда, үй –жайсыз калган 400 миң адам башкалаа Порт-о-Пренстеги утурумдук лагерден шаардын чет жакасындагы жаңы жайларга көчүрүлөт. Анткени бийликтер тазалык эрежелери сакталбагандыктан, шаарда эпидемия чыгып кетеби деп чочулоодо. Бул аралыкта урандылар алдында али тирүү калгандар бардыгына үмүт үзүлгөндүктөн, куткаруучулар кечээтен тарта аларды издөөнү токтотушту. Азыр негизги көңүл жаракат алгандарды аман сактап калууга, эпидемияга жол бербөөгө, үй –жайсыз калган миңдеген тургундарга жардам көргөзүүгө бурулууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG