Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Петровка сотуна айрым күбөлөр атайылап чакырылбай жатат


Бул туурасында бүгүн “Жашылдар” партиясынын төрага орун басары Наргиза Абдылдаева "Азаттыкка" билдирди. “Кечээ жана бүгүнкү соттук териштирүүгө келген 11 күбөнүн дээрлик баары буга чейин сотко чакыруу алышпаганын белгилешти. Бул райондук прокуратуранын күбөлөрдү атайылап сотко чакырбай жатышканынан кабар берет”, - деди Н. Абдылдаева. Ал эми Петровка сотундагы мамлекеттик айыптоочулар сотко келбей жаткан күбөлөргө бир нече ирээт соттук чакыруу берилгенин, айрымдар жазылган даректеринен табылбай жатканын айтып келишкен. Петровка соту 26- январь күнү улантылат. (JJ)

XS
SM
MD
LG