Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Нарын шаарында электр берүү үзгүлтүккө учурады


Өткөн сутка аралыгында Нарын шаарынын «Шаркыратма» деп аталган 35/10 киловольттук трансформатору күйүп кеткендиктен шаардын эки миңге жакын абоненттери белгилүү мөөнөткө электрсиз калышты. «Азаттыкка» кайрылган бир катар кардарлардын айтуулары боюнча электр берүү 20-январда түн оокумунда токтоп калган. Жагдайды тармактын адистери электр чыңалуусунан келип чыккандыгын түшүндүрмө кылышты. «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын деректири Алмаз Жумакадыров ири суммадагы трансформатор ички мүмкүнчүлүктүн эсебинен табылып, 22-январда түнкү саат 00-30да алмаштырылып, электр берүү калыбына келтирилгендигин маалымдады.(KUs).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG