Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Баткенде саламаттык сактоо жаатындагы маалыматтар күмөндүү


Бул тууралуу Баткен облусунун саламаттык сактоо мекемелеринин 2009-жылды жыйынтыктаган жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин стат-катчысы Касымбек Мамбетов билдирди. Анын айтымында, аймакта кээ бир оорулар салыштырмалуу өтө эле кыскарып, Кадамжай районунда эле ооруканага ден соолугунан даттанып кайрылгандар өткөн жылга караганда 54 миңге азайып кеткен. Анын ичинде маңзаттарга берилгендер менен аракечтер, кургак учук менен жабыркагандар да кыскарып кеткен. “Ошондуктан мындай көрсөткүчтөр күмөн туудурат. Кээ бир кызматкерлер жакшы көрсөткүч алуу үчүн чыныгы абалды жашырбоого тийиш, анктени мындай маалыматтар кийин зыяны тийип калат”, - дейт стат-катчы.

Баткен облусунда жалпысынан өткөн жылда 57 дарыгер өз жумушун таштап кетсе, 21 дарыгер жаңы келген. Учурда 114 дарыгер жетишпейт. (JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG