Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Сербиянын Ортодокс чиркөөсү жаңы патриархын шайлады


Сексен жаштагы динаятчы Ириней Гаврилович серб Ортодокс чиркөөсүнүн 45 – патриархы болуп калды. Чиркөөнүн андан мурдагы жолбашчысы Патриарх Павл былтыр ноябрда 95 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Сербия Евробримдикке кошулууну көздөп жаткан учурда чиркөөнүн башчылыгына келген Ириней Гаврилович жаңыланууга каршы эмес динаятчы катары каралууда. Реформачылар жана эскичилдер деп экиге бөлүнгөн серб епископтору өмүрүнүн соңку эки жылын ооруканада өткөргөн мурдагы патриарх өзү суранганына карабай, көзү тирүү кезинде анын мураскерин аныктай алышкан эмес.

XS
SM
MD
LG