Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Өзбекстанда белгилүү спорт журналист камакка алынды


“Эркин Европа жана Азаттык “ радиосунун өзбек кызматынын маалыматына караганда, Хайрулла Хамидов ушул бейшембинин таңында Ташкенттеги үйүнөн камакка алынган. Журналисттин жубайы аны камоого келгендер, журналисттин компьютерин, СДлерди жана бир нече китепти конфискациялашканын да кабарлады. Журналисттин туугандарынын биринин “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргенине караганда, Хамидов “мыйзамсыз диний уюм түзгөн жана анын ишине катышкан” деп айыпталууда. Кезинде өзбек телесинде иштеген Хамидов элге футбол комментатору катары таанылган эле. Кийинчерээк “Калк арасында” деген аталыштагы радио программаларын обого алып чыгып, ислам дининин карапайым адамдардын күндөлүк турмушундагы ролун түшүндүрүп турган. Программа угуучуларга абдан жаккандыктан өзбектердин көбү аны мобилдик телефондоруна көчүрүп алышчы.

XS
SM
MD
LG