Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

ЕӨРБ эски совет аймагындагы экономикалык өсүш боюнча болжолун жогорулатты


Европанын Өнүгүү жана реконструкция банкынын эң соңку божомолуна караганда, эски совет аймагынын экономикасы быйыл 3,3%га көтөрүлөт. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан банк буга чейин аталган көрсөткүчтү 2,5% деп эсептеген болчу. Бирок өсүштүн көлөмү аймактын өлкөлөрүндө ар башка болуусу мүмкүн. Европанын Өнүгүү жана реконструкция банкынын айтымында, анын жаңы божомолу Польша, Орусия. Казакстан сындуу өлкөлөрдүн экономикасы рецессиядан башында күтүлгөндөн тезирээк чыга баштаганына негизделди. Ал эми келерки жылдагы өсүштү банк 3,8%деп божомолдойт. Былтыр болсо эски совет аймагынын экономикасы 6%га төмөндөгөн.

XS
SM
MD
LG