Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Рыскелди Момбеков өзүнүн коопсуздугу үчүн тынчсызданууда


“Форум” гезитинин башкы редактору Рыскелди Момбеков жана анын орун басары Жылдыз Мусабекованы кечээ күндөн бери күмүш түстүү, 87 74 номурлуу унаа коштоп жүрөт. Рыскелди Момбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, мунун алдында гезиттин редакциясына үч жолу өзүн “Бакыт Сыдыковдун жансакчысымын” деп тааныштырган адам чалып, “жамандык оюмда жок, бирок эскертип койгум келет: Рыскелди Момбеков жана Жылдыз Мусабекованын өмүрү коркунучта” деп билдирген. Редакцияга телефон чалган кишинин айтымында, Момбеков жана Мусабекованын паспорттогу маалыматтары жана сүрөттөрү кимдир бирөөлөргө берилген. Рыскелди Момбеков жаңы жыл алдында “Форум” гезитине ата-бала Сыдыковдор тууралуу макала жарык көргөнүн кошумчалады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG