Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Алайда И.Исаковду коргоо штабдары түзүлдү


Бул тууралуу камактагы генерал Исмаил Исаковду коргоо боюнча түзүлгөн штабдардын уюштуруучуларынын бири Элмира Турганбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында Алай райондун борбору Гүлчөдө эки штаб, Сопу-Коргон айылында бирөө, Бүлөлүдө бирөө, Аскалыда бирөө жана Оро-Дөбөдө дагы бирөө түзүлүп, жалпы алты штаб ачылды. Генерал Исмаил Исаковду коргоо штабдары анын камактан чыгарылышын, бардык саясий куугунтуктар токтотулушун талап кылышууда. Эгер алар талаптары аткарылбаса тынч жол менен каршылык көрсөтүүнүн башкача жолдоруна, митинг-пикет өткөрүүгө барарын айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG