Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:37

Ага Хандын экономика боюнча адистери келет


Кыргызстанга Ага Хан өнүктүрүү тармактарынын экономика жана агробизнес боюнча адистери келери каралып атканын, анын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нуржехан Мавани кечээ, Жогорку Кенештин төрагасы Зайнидин Курманов менен жолугушуу учурунда билдирди. Төрага З.Курманов, Ага Хан өнүктүрүү тармактары Кыргызстанда бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырганын, алардын катарында Нарын шаарындагы Борбор Азия Ага Хан университети, микрокредиттик компаниясы, тоолуу региондордун өнүгүшүн колдоо долбоору бар экендигин билдирди. Өз кезегинде Н.Мавани, алар Кыргызстанда долбоорлорун кеңейтүүнү пландап атышканын, ушул тапта Кыргызстанда Ага Хан академиясын ачуу планы бар экенин билдирген. (IJz)

XS
SM
MD
LG