Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:57

Жалал-Абад облусу жыл жыйынтыгын чыгарды


Облустук бийлик 2009-жылды жыйынтыктаган жыйынына 1- вице-премьер-министр Акылбек Жапаров катышты. Ал быйыл губернатор менен анын орунбасарларына төрттөн, аким, мэрлерге алтыдан, айыл өкмөттөргө он экиден маселе чечүү тапшырмасын берди. Анын айтымында, өткөн айда өлкөдөгү ишканалардын 12 пайызы токтоду. Республикада былтыр өнөр жай, текстиль, мунай, машина куруу өнүмдөрүн чыгаруу төмөндөдү. Камбар-Ата-2 ГЭСи жана “Датка - Кемин” электр түйүнү ишке кирсе, Кыргызстан эки жылдан кийин энергетикалык көз каранды эмес өлкөгө айланат. “Өнөр жайлуу Жалал-Абад жана Чүй облустары кыргыз экономикасында донор аймактар болуусу керек”, - деп айтты Акылбек Жапаров. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG