Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Пакистанда талибдер 6 кишини америкалык тыңчы деп өлтүрүшкөн


Пакистан бийликтери билдиргендей, Түндүк Вазиристан дубанында табылган алты кишинин сөөгүндө талиб согушкерлери жазып калтырган «АКШнын кызыкчылыгында тыңчылык кылып, талибдерге каршы автомат учактар менен чабуулдарга көмөк көрсөткөндүгү» жазылган куш каттар болгон. Америкалык автомат учактар аталган дубанды ушул айда бомбалаган эле. Ооганстан менен чектеш бул аймак талибдер менен ал-каидачылардын таянычы деп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG