Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Өзбек чек арачысы жарадар кылган кыргыз жоокери мекенине кайтарылды


Өзбекстандык чек арачылар тарабынан жарадар болгон сержант Нурбек Орункулов 23-январда мекенине кайтарылып берилип, учурда ал Ош госпиталында дарыланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов “Азаттыктын” облустагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимовго билдирди.

Маалыматтарга караганда, 21-январда Өзбекстандын Наманган сыналгысы Кыргызстандык чек арачылар өзбек чек арачысын кармоого аракет кылган деп кабарлаган.

Чындыгында 17-январда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Чек айылынын кыргыз тарабына өзбек чек арачылары кирип келип ок аткан. Андан жараат алган кыргыз чек арачысы Нурбек Орункуловду өзбекстандык чек арачылар өз тарабына алып кирип кетишкен. Кыргызстандын чек ара кызматы бул окуядан кийин атайын иликтөө жүргүзүп, окуя Кыргызстандын аймагында болгонун, өзбек чек арачылары кыргыз жеринде ок чыгарганын аныкташкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG