Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

И.Исаковдун 85 жаштагы энеси ачкачылык чарасына кошулду


Бул тууралуу бүгүн (25-январда) Бишкекте өткөн маалымат жыйынында оппозициялык Социал-демократиялык партиянын парламенттеги тобунун лидери Роза Отунбаева жана И.Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Элмира Турганбаева билдирди. Алар өткөн күндөрү Алай районунда болуп келишкен. Отунбаева жана Турганбаеванын маалыматы боюнча, учурда Алайда 10 киши ачкачылык иш-чарасын улантууда.

Алардын арасында Исмаил Исаковдун 85 жаштагы энеси Анипа Маматисаева да бар. Алайда алты жерде И. Исаковду коргоо комитети түзүлүп, жергиликтүү калайык өкүлдөрү адилеттүүлүк орномоюн, Исаков бошотулмайын артка кайтпай турганын билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG