Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ош шаар бийлиги менчиктешип кеткен бала бакчаларды кайра алууга камынууда


Бул туурасында түштүк борборунун мэри Мелисбек Мырзакматов бийлик бутактарынын бардык жетекчилери катышкан жыйында убада кылды. Анын ырасташынча, калаа боюнча жети миңден ашык ата-эне мектепке чейинки мекемелерге кезекте турушат. Ошол эле учурда жетимиш чакты бала бакчанын кырктан ашууну менчиктештирилип же сатылып кеткен. Ошондуктан, 2010-жылы аларды чыныгы ээсине - шаардык агартуу башкармалыгына кайтаруу максатында катуу чаралар көрүлмөкчү.

Деген менен талдоочулар мэрдин аракетинен майнап чыкпастыгын белгилешүүдө. Анткени, мурунку бала бакчалардын азыркы кожоюндары дээрлик бийликте олтурушат. (ATo)

XS
SM
MD
LG