НАТОнун Ооганстандагы кол башчысы Талибан менен тынчтык сүйлөшүүлөрү согушка чекит коюунун бир жолу деп эсептейт.
Стэнли МакКристал Financial times гезитине берген интервьюсунда америкалык кошумча 30 миң аскердин келиши талиптерди кыйла алсыратат, согушкерлердин тынчтык келишимине макул болуудан аргасы калбайт деп белгиледи.
28-январда Лондондо Ооганстан боюнча эларалык жыйын башталууда.
Жакында Ооган президенти Хамид Карзай байистүү талиптерди өкмөттүн тарабына тартуу планын жарыялаган. Ага ылайык, куралын таштоону каалаган жоочуларга жумуш жана башка жардам берилмекчи. Президент Лондондогу конференцияда анын долбоору АКШ жана Британиянын колдоосуна ээ болот деп үмүттөнөт.