Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Иракта бүгүн "Химик Али" дарга асылды


Ирактын мурдагы министри, Саддам Хусейндин жардамчысы “Химик Али” деген атка конгон Али Хасан ал-Мажид бүгүн соттун өкүмү менен дарга асылды. Ал 1983-жылы күрттөрдүн Халабжа шаарчасында газ куралын колдонууга буйрук бергендиги үчүн бир жума мурун өлүм жазасына өкүм кылынган. Карапайым адамдарга каршы колдонгон эң ири химиялык чабуул 5 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен. Ал-Мажид Саддам учурундагы мыкаачылыгы үчүн буга чейин да өлүмгө өкүм кылынган. Хьюман Райтс Уоч укук коргоо уюмунун ырастоосунда, ал 100 миңдей бейкүнөө күрттөрдүн өлүмү же дайынсыз жоголушу үчүн жооптуу. Өкүмдүн ишке ашырылганын Ирак өкмөтүнүн маалымат катчысы тастыктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG