Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

К.Конгантиев: Павлюктун өлүмүнө кыргызстандыктардын тиешеси бар экени аныктала элек


Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламенттин билим, илим, маданият жана спорт комитетинде маалымат берип жатып жакында Казакстандын Ички иштер министрлигинин тергеп-иликтөө тобу Кыргызстандын ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен бирдикте бир жума иштешип, ишемби күнү мекенине кетишти.

Алар тергеп-иликтөө иштерин Казакстанда улантышат. Коңшу республикадан келген иликтөө тобу Г.Павлюктун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишине азырынча кыргызстандык бирөө-жарымдын катыштыгы бар деп белгилеген жок”, - деди М.Конгантиев.

Ал ошондой эле 2005-жылдан бери журналисттерге кол салуу боюнча 26 фактысы катталып, алардын тогузунун бети ачылып, сотко ашырылганын, бирок Алишер Саиповдун өлүмүнөн башкасы кесиптик ишмердүүккө байланыштуу эмес экендигин белгиледи.

Ал эми "Журналисттер" коомдук бирикмеси алардын колундагы журналисттерге кол салуу фактылары менен Ички иштер министри берген маалымат кайчы чыгып жатканын, бул маселе боюнча жакын арада министр менен жолугушууга ниет болуп жатканын бул уюмдун жетекчиси Марат Токоев "Азаттыкка" билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG