Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

М.Конгантиев: А.Саиповду аткан адам Тажикстанда кармалды


Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирди. Анын айтымында, журналист А.Саиповду аткан издөөдө жүргөн дагы бир адам Тажикстанда аныкталып кармалды. “Эми аны Кыргызстанга өткөрүп берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аны Тажикстан бизге береби же бербейби? Ал жакка барып “делосун” ошолорго беребизби? Бул маселе ушул күндө чечилгени турат”,-деди М.Конгантиев. Ал ошондой эле А.Саиповду аткан киши буга чейин куралы менен кармалганын белгиледи.

Бирок бул маалыматты Тажикстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн "Азаттыктын" тажик кызматына тастыктаган жок.

Көз карандысыз журналист, “Сиесат” басылмасынын редактору Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде атылып өлтүрүлгөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG