Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Нарында коалициянын өкүлчүлүгүнө ууру кирди


Окуя 26-январга караган түнүндө болгон. «Демократия жана жарандык коом» үчүн коалициясынын Нарын өкүлчүлүгү жайгашкан Нарын шаарындагы Төрөбаев көчөсүнүн 19-үйүнүн сырткы жана ичкери кирген эшиктери күч менен ачылып, сындырылган. Өкүлчүлүктүн кызматкери Адилет Эшенов компьютерлер толук экендигин, кондиционер жана жылыткычтар уурдалгандыгын билдирди. Үйдүн айланасынан эки адамдын издери аныкталган. Окуя болгон кеңсени милиция кызматкерлери иликтөөгө алып жатышат.(KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG