Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

Алишер Саипов боюнча сот иши улантылат


Алишер Саиповго байланыштуу Ош шаардык сотундагы иши бүгүн улантылды. Журналисттин атасы Аваз Саипов уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши чала тергелгенин, окуянын чыныгы катышуучулары бир да жолу суракка алынбаганын белгилеп, Ош шаардык сотунда каралып аткан ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү бүгүн соттон суранды. Аваз Саипов ошондой эле уулун өлтүрдү деп шектелип бир жылдан бери абакта отурган Абдулфарид Расуловдун күнөөсү жоктугун айтты. Бүгүнкү сотко катышкан айыпталуучу А.Расулов дагы ага тагылып аткан айыпты мойнуна албай келатат. Ал эми мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев Аваз Саиповдун дагы, айыпталуучу А.Расуловдун дагы жүйөөлөрүн негизсиз деп, сотту улантууну суранды. Ошондон кийин судья Бурхамидин Нурмаматов сот ишине тыныгуу жарыялап, бирок кийин Аваз Саиповдун суранычын канаттандырбай турганын, демек, мындан ары сот жараяны улантылаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG