Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:17

Жүрөк кан-тамыр оорусунан каза болгондор биринчи орунда


Кыргызстанда өткөн жылы жүрөк кан-тамыр оорусунан каза болгондор 49,3 пайызды түзүп биринчи орунга чыкты. Мындай маалымат бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында айтылды. Андан кийинки орунда, ар кандай кырсыктардан каза болгондор турат. Жыл сайын республиканын ооруканаларында 15 миңден ашуун ар кандай операциялар жасалып, 2009-жылы оорулуулар үчүн 25 миң 925 жатак орунда 831 миң 204 адам дарыланып чыккан. Жыйында, өткөн жылы 97 эне төрөттөн каза болгондугу, 100 миң адамга салыштырмалуу 53,2 пайызы алкоголго көз каранды экендиги белгиленди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG