Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Гвинея демократиянын жолуна кайтууда


Өлкөнүн согуштук хунтасынын келишпес сынчысы Жан Мари Дордун өкмөт жетекчилигине келиши демократия багытындагы маанилүү кадам деп бааланууда, бирок өлкөнүн жарадар болгон төңкөрүш башчысы чет өлкөдө туруп, Гвинеядагы саясий кырдаалды башкарганга далалат кылып жаткандыгы боюнча тынчсыздануу айтылууда. Мындан 13 ай мурда армия бийликти тартып алып, Конституцияны жоюп койгон эле. Бирок 3-декабрда төңкөрүштүн жетекчиси капитан Муса Камараны өзүнүн жардамчысы башка атканда, ал чет өлкөгө шашылыш операцияга кетүүгө мажбур болгон. Катуу кысымдан улам, ушул айдын башында Камакара коншулаш Буркино Фасодон кайтып келбөөгө макул болгон. Ал ошондой эле өзүнүн орун басарына алты ай ичинде армиядан эч кимдин катышпай турган шайлоо өткөрө турган өкмөт башчысын дайындашына жол берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG