Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Консот "Ата-Мекендин" кайрылуусун караган жок


Конституциялык Сот Баш мыйзамга байланыштуу “Ата-Мекен” саясий партиясынын кайрылуусун кароодон баш тартты. Муну Конституциялык реформа партиянын укугуна шек келтирбестиги менен негиздеди. Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда партия лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Оппозициядагы партия Конституциялык Сотко президент Курманбек Бакиев Конституцияны одоно бузуп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк-кландык системаны орнотуп атат деп, башкаруу реформасына баа берүүнү сурап былтыр октябрда кайрылган болчу. (BuS)

XS
SM
MD
LG