Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:22

“Ак жол” фракциясы Президенттин милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш аныктоосуна макул


Фракция бүгүн бул маселени карап, президент тарабынан сунуш кылынган Башмыйзам долбооруна “Президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган мезгилде анын милдетин аткаруучу адамды Мамлекеттик кеңеш аныктайт” деген жобо киргизилүүсүн кубаттоого алды. Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитети убактылуу президентти Мамлекеттик Кеңеш дайындайт деген өзгөртүүнү сунуш кылды. Буга чейин Конституциялык сотко сунушталган Башмыйзам долбоорунда “Президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калган мезгилде анын милдетин аткаруучу адамды Президенттик кеңешме аныктайт” деген жобо киргизилген. Конституциялык сот буга карата корутундусун берип, Президенттик кеңеш макамына жараша кеңешүүчү орган катары мамлекет башчынын милдетин аткаруучу адамды аныктай албайт деп чечкен.
Башмыйзамдын 98-беренеси боюнча Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна парламент мыйзам долбоорунун демилгечисинин макулдугу менен гана өзгөртүү киргизе алат. Азырынча Башмыйзам долбоорунун демилгечиси –президент К. Бакиевдин макулдугу белгисиз. Анын өкүлү адилет министри Курмантай Абдиев бул маселе боюнча президент менен түштөн кийин сүйлөшөрүн депутаттарга билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG