Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

“Ак жол” фракциясы комитеттердин жаңы башчыларын сунуштоодо


Фракциянын бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана укук комитетин жетектөөгө “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Лейла Сыдыкованын, билим берүү жана спорт комитетинин төрагалыгына депутат Ибрагим Жунусовдун, анын орун басарлыгына Орзубек Назаровдун, социалдык саясат комитетинин төрайымдыгына Зулхабира Бекенованын талапкерлиги сунушталды. Фракция мүчөлөрү буга бир ооздон макулдугун беришти. Бул маселе эртең парламенттин жалпы отурумунун кароосуна коюлат.
Комитет жетекчилеринин өзгөрүүсү өткөн айда парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин мурунку төрагасы Зайнидин Курмановдун ЖК төрагалыгына шайланышына байланыштуу болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG