Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Кыргызстан Ооган маселеси боюнча жыйынга катышат


28-январда Лондондо өтө турган эл аралык жыйынга Кыргызстандын атынан Мамлекеттик тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев баштаган делегация катышмакчы. МТИМдин маалыматына караганда жыйында Ооган маселеси каралат. Кечээ К. Сарбаев Түркиядагы Стамбул шаарында болуп өткөн “Азия жүрөгү” тилектештигинин аймактык саммитине катышты. Анда да Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси каралды. КР Мамлекеттик тышкы иштер министри Ооган маселеси боюнча КР президенти К. Бакиев көтөргөн “Бишкек демилгеси”, анын максаты жана милдеттери тууралуу жыйындын катышуучуларына кеңири маалымат берди.
Эл аралык иш-чарага Түркия, Ооганстан, Пакистан президенттери, Ирандын вице-президенти, Кытайдын, Тажикстандын, Улуу британиянын тышкы иштер министрлери жана АКШ, Орусия, Сауд Арабиянын тышкы саясат өкүлдөрү катышты.

КР президенти К. Бакиев Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Кыргызстан ар кандай тегерек үстөлдөрдү өткөрүүчү аймак болуп бере аларын өткөн жылы жайында айтып чыккан.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG