Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

“Азаттыкты” коргоо кыймылы пикетке чыгат


Кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча бул нааразылык иш-чара эртең, 28-январда Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын (УТРК) алдында болот. Анда “Азаттык” үналгысын Улуттук радио аркылуу уктуруу, ал эми “Азаттыктын” апталык сыналгы долбоорлорун Улуттук телеканал аркылуу көрсөтүү талабы коюлмакчы.
“Азаттыкты” коргоо кыймылы “Азаттык” үналгысынын үнүн жалпы Кыргызстан элине жеткирүү талабы менен буга чейин да бир нече жолу пикетке чыккан. Азырынча бийлик тарабынан оң жооп боло элек.

“Азаттык” үналгысынын теле жана радиоуктуруулары 2005-жылдын март айынан кийин жалпы өлкө аймагына УТРК аркылуу тарай баштаган. 2008-жылдын 1-октябрында УТРКнын ошол учурдагы жетекчилиги келишимди бир тараптуу бузуп, “Азаттыктын” радио жана телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтоткон. 2008-жылдын декабрында гана УТРКнын мурдагы жетекчилиги "Азаттыктын" берүүлөрүн сынга алып, ага цензуралык көзөмөл киргизүү сунушун билдирген.

Жергиликтүү укук коргоочулар? айрым коомчулук өкүлдөрү жана оппозиция УТРКнын "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарбай калышын бийликтин калыс маалыматты калайыкка жеткирүүгө тоскоолдугу катары мүнөздөшкөн, бирок Кыргыз бийлиги андай доолорду четка кагып келет. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG