Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Түркмөнстандык студенттер Болгарияга окууга кайтат


Борбор Азиядагы Америка университетинин быйыл Түркмөнстандан кайтпай калган студенттеринин айрымдары болгар-америка университетине жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу Ашгабаддагы АКШнын элчилиги "Азаттыктын" түркмөн кызматына тастыктады. Быйылкы окуу жылында түркмөн бийлиги Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетин окуу жай катары таануудан баш тартып студенттерин жөнөтүүгө тыюу салган болчу. БААУда жүз элүүдөй түркмөнстандык студент билим алчу. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда алты миңдей түркмөнстандык студент окуйт. Бейрасмий булактарга боюнча алардын саны он миңге чамалайт. (EBM)

XS
SM
MD
LG