Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы (ПРООН) уюштурган бул сынакка Кыргызстан жаштарынын бейнесин чагылдырууга арналган төрт жүз элүүгө жакын эмгек келип түшкөн. Уюштуруучулардын маалымдашынча, бул иш-чаранын максаты өлкөдөгү жаштардын өздөрү, өздөрүн жашоосу, ой-максаттары тууралуу пикирлерин билүүгө багытталган. ПРООНдун Адам өнүгүшү боюнча 2009-жылдагы улуттук баяндамасы Кыргызстан жаштарына арналган. Анда мамлекеттин жаштар саясаты азыркы замандын талаптарына анча төп келе бербей турганы айтылган. (EBM)