Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Нарын облусунун 21 айылында суу түтүктөрү жок


Облустун 49 айылы таза сууга муктаж болгондуктан “Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария” долбоорунун 2-баскычына киргизүү сунушталууда. Алардын ичинен 21 айылда суу түтүктөрү таптакыр жок. Мындай маалыматты облусттук акимчиликтин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Богачиев билдирди. Өткөн жылы таза суу менен камсыз болгон айылдарда сууга төлөнүүчү нарк облус боюнча 60,2 пайызга аткарылган. Бул көрсөткүч Нарын районундагы 8-Март айылында 10, Шоро айылында 17.6, Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында 16.5 пайызды түзүп, системалар каралбай калган. Жумгал районундагы Базар-Турук айылынын эли суу менен толук камсыз болбогондуктан нарктарды төлөөдөн баш тартышкан. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG