Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Кыргызстанда үч жүздөн ашуун түрк фирмасы бар


Бүгүн вице-премьер-министр Тажикан Калимбетова “КЫТИАД ”кыргыз-түрк ишкерлер коомчулугунун башкаруу кеңешинин өкүлдөрү менен жолукту. Т. Калимбетова жумушчу орундарды түзүп, Кыргызстандын экономикасына салым кошуу боюнча түрк ишкерлери биринчи орунда турарын белгиледи. “КЫТИАДдын” башкаруу кеңешинин төрагасы Хусейн Муслу Түркиядан келген баардык инвестициялардын көлөмү 350 миллион доллар түзөрүн, жылдык импорт 170 миллион доллар болгонун маалымдады. Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн Түркияда жана башка мамлекеттердеги ири ишкерлердин катышуусунда Бишкекте быйыл бизнес-форум өткөрүү пландашырылып жатканын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG